Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25-чакырылышынын 1- кезектеги сессиясы
2021-жылдын 16-февралы № 20
Айыл аймакта тазалыкты сактоо жөнүндө
Покровка айыл өкмөтүнүн “Таза аймак” муниципалдык ишканасынын башчысы Р.К.Шамбеталиевдин кайрылуусун айылдык кенеш талкуулап
токтом кылат:
1. Покровка айыл өкмөтүнүн “Таза аймак” муниципалдык ишканасынын башчысы Р.К.Шамбеталиевдин кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Покровка айыл аймагынын тазалыгын сактоо максатында айыл аймакта жайгашкан ар бир түтүндөн ай сайын таштанды чыгаруу үчүн акы 50 сом болуп бекитилсин.
3. Покровка айыл өкмөтүнүн “Таза аймак” муниципалдык ишканасынын башчысы Р.К.Шамбеталиев айыл аймагынын тазалыгын сактоо жана иш алып баруу жагы жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М. Т. Садыков |