ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25-чакырылышынын 1- кезектеги сессиясы
2021-жылдын 16-февралы № 21
Таштанды чыгаруучу МАЗ үлгүсүндөгү автомашинаны лизинге алуу жөнүндө
Покровка айыл өкмөтүнүн “Тазаймак” муниципалдык ишканасынын башчысы Р.К.Шамбеталиевдин кайрылуусун айылдык кенеш талкуулап
токтом кылат:
1. Покровка айыл өкмөтүнүн “Тазаймак” муниципалдык ишканасынын башчысы Р.К.Шамбеталиевдин Таштанды чыгаруучу МАЗ үлгүсүндөгү автомашинаны лизинге алуу жөнүндө кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Таштанды чыгаруучу МАЗ үлгүсүндөгү автомашинаны “Айыл-Банк” аркылуу 6 жылга лизинге алуу үчүн, биринчи төлөмү 30% -1092 000 сом, квартал сайын 158671,17 сом, жылына 634684,68 сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнсүн.
3. КЭБнун башчысы (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М. Т. Садыков |