Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25-чакырылышынын 1- кезектеги сессиясы
2021-жылдын 16-февралы № 22
Коммуналдык чарба жөнүндө
Покровка айыл өкмөтүнүн “Таза аймак” муниципалдык ишканасынын башчысы Р.К.Шамбеталиевдин кайрылуусун айылдык кенеш талкуулап
токтом кылат:
1. Покровка айыл өкмөтүнүн “Таза аймак” муниципалдык ишканасынын башчысы Р.К.Шамбеталиевдин кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Жергиликтүү маанидеги маселелерди турак жай-коммуналдык чарба жана аймактарды көрктөндүрүү маселелерин чечүү боюнча “Таза аймак” муниципалдык ишкананын коммуналдык чарбасынын абалын жакшыртуу үчүн, оңдоп түзөө иштерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 000 сом бөлүнсүн.
3. КЭБнун башчысы (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М. Т. Садыков |