ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25-чакырылышынын 1- кезектеги сессиясы
2021-жылдын 16-февралы № 23
О.Дж.Бекмурзаев, М.Р.Джолдошов, А.А.Бердикеев жөнүндө
Покровка айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын көп жылдык үзүрлүү талыкпас эмгектери үчүн ыйгаруу жөнүндө маселесин айылдык кеңеш талкуулап
токтом кылат:
1. Покровка айыл аймагына тиешелүү “Жорго” СПАсынын жетекчиси Бекмурзаев Ошкул Джумагуловичдин,Покровка айыл аймагынын Жайыт комитетинин төрагасы Джолдошев Мырзатулла Рахматилаевичдин,Бердикеев Анарбек Акбаралиевичдин көп жылдык талыкпаган эмгегин баалап Покровка айылынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү эмгек жамааттарынын кайрылуулары канаттандырылсын.
2. Покровка айыл аймагына тиешелүү “Жорго” СПАсынын жетекчиси Бекмурзаев Ошкул Джумагуловичге,Покровка айыл аймагынын Жайыт комитетинин төрагасы Джолдошев Мырзатулла Рахматилаевичге, Бердикеев Анарбек Акбаралиевичге көп жылдык үзүрлүү талыкпас эмгектери үчүн Покровка айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
3. Покровка айыл өкмөтүнүн КЭБнүн башчысына (К.Жунусбаев) Покровка айылынын “Ардактуу атуулу” жазуу лентасы, төш белгиси жана күбөлүгүн даярдоо жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М. Т. Садыков |