ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын 2- кезектүү сессиясы
2021-жылдын 9-июну № 5
А.М.Аширбекова жөнүндө
Покровка айылынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу боюнча Манас райондук сотунун төрагасы А.Ж.Тилемишовдун карылуусун айылдык кеңеш талкуулап
токтом кылат:
1. Манас райондук сотунун төрагасы А.Ж.Тилемишов Покровка айылынын тургуну, Манас райондук сотунун кызматкери Аширбекова Айнура Мейманбековнанын үзүрлүү көп жылдык эмгеги жана сот тармагына кошкон зор салымы үчүн Покровка айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу боюнча сунуштамасы канаттандырылсын.
2. Манас райондук сотунун кызматкери, Покровка айылынын тургуну Аширбекова Айнура Мейманбековнага Покровка айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын.
3. Покровка айыл өкмөтүнүн КЭБнүн башчысына (К.Б.Жунусбаев) “Ардактуу атуу” жазуу лентасы, төш белгиси жана күбөлүгүн даярдоо жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн убактылуу милдетин аткаруучу, орун басар З.С.Буркутбаевге тапшырылсын.
Төрага | Т.У. Джапаркулов |