Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25-чакырылышынын 4- кезексиз сессиясы
2020-жылдын 9-июлу № 8
Коронавирус (COVID-19) инфекциясы жөнүндө
Коронавирус (COVID-19) инфекциясы дүйнө жүзүнө жайылып, адамзаттын ден соолугуна залакасын тийгизүүдө, ошого байланыштуу (COVID-19) инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө айыл аймакта өзгөчө кырдаалды алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюуну Покровка айылдык кеңеши талкуулап
токтом кылат:
1. Коронавирус (COVID-19) инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө айыл аймагындагы өзгөчө кырдаалды алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу үчүн атайын каралган “кол тийбес” каражатына 70222 бөлүкчөсүнөн-221549 элементине, 706 бөлүкчөсүнөн-221549 элементине 120,0 сом акча каражаты чыгымдоо үчүн жылдырылсын.
2. КЭБнун башчысы (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М.Т. Садыков |