Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
23-сессия
2021-жылдын 19-марты № 164/XXIII-27
Кант шаардык кеңешинин № 205/ХХVI-25 от 21.12.2011-жылы бекитилген «Кант шаарындагы курулуш жүргүзүү жана жерди колдонуу эрежелери» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Шаар курулуш, өнөр жай, унаа, коммуникация жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана Кант шаарынын мэриясынын 18.03.2021-ж. №01-14/198 - Кант шаардык кеңешинин № 205/ХХVI-25 21.12.2011-жылы бекитилген «Кант шаарындагы курулуш жүргүзүү жана жерди колдонуу эрежелери» токтомунун 2.1. бөлүм, 2-бөлүгүнүн 30-беренесине жана Кант ш. Логвиненко көчөсү №81,83,85,87,89 - үйлөрү «К-1» - коммуналдык ишкана, транспорт, кампалоо жана кичи ишкана аймагы жер тилкесинин чыгарып, «Ж-1» - шаардын борбордук бөлүгүнө жеке чарбалык турак-жай куруу аймагына өзгөртүү киргизүү катын карап чыгып
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаардык кеңешинин № 205/ХХVI-25 21.12.2011-жылы бекитилген «Кант шаарындагы курулуш жүргүзүү жана жерди колдонуу эрежелери» токтомунун «Кант шаарын укуктук аймактоо» 30-беренесинин 2.1. бөлүм, 2-бөлүгүнө төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Кант шаарынын Логвиненко көчөсү №81,83,85,87,89 - үйлөрү «К-1» - коммуналдык ишкана, транспорт, кампалоо жана кичи ишкана аймагы жер тилкесинин чыгарып, «Ж-1» - шаардын борбордук бёлщгщнё жеке чарбалык турак-жай куруу аймагына киргизилсин.
2. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин шаар курулуш, өнөр жай, унаа, коммуникация жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Сулайманов Н.И.) жүктөлсүн.
Кант шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Ж. Бирюкова |