Редакцияот 19.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

19-сессия

 

2020-жылдын 19-июну № 132/XIX-27

Инфратүзүм объектилерин жакшыртуу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө

Бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, ошондой эле Кант шаарынын аймагында жайгашкан аскер шаарчасынын жашоочуларынын кайрылуусун Кант шаарынын инфратүзүм объектилерин жакшыртуу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндөгү катын карап чыгып

КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кант шаарынын мэриясы 150,0 (жүз элүү миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатын (дем берүүчү грант) Кант шаарынын инфратүзүмүн жакшыртууга бөлүп берсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы жөнүндө маалымат Кант шаардык кеңешине 2020-ж. 3-декабрынан кечиктирилбей берилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин бюджет жана каржы туруктуу комиссиясына (Коджакматов М.К.) жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Шайлдабеков