Редакцияот 25.08.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25-чакырылышынын 5- кезектеги сессиясы

 

2020-жылдын 25-августу № 9

Болот Шер жөнүндө

Манас райондук Аксакалдар кеңешинин төрагасы К.Шабданбековдун кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап 

токтом кылат:

1.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ⅲ-Ⅴ-чакырылыштарынын депутаты, 2010-жылы Апрель революциясынан кийин КР убактылуу өкмөтүнүн мүчөсү, Кыргыз жергесинде демократиянын бекемделишине зор салымын кошкон кыргыз элинин чыгаан уулу Болот Шердин ысымын Покровка айылынын чоң көчөлөрүнүн бирине ыйгаруу жөнүндөгү кайрылуусу канааттандырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ⅲ-Ⅴ-чакырылыштарынын депутаты, 2010-жылы Апрель революциясынан кийин КР убактылуу өкмөтүнүн мүчөсү, Кыргыз жергесинде демократиянын бекемделишине зор салымын кошкон, Кыргыз элинин чыгаан уулу Болот Шердин ысымы Покровка айылындагы орус тилинде аталган “Победа” көчөсүнө ыйгарылып, көчө “Болот Шер” атындагы көчө деп аталсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б.Жалиловго тапшырылсын.

 

Төрага

М.Т. Садыков