ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25-чакырылышынын 5- кезектеги сессиясы
2020-жылдын 25-августу № 12
А.Б.Өмүрбекова жөнүндө
Покровка айылынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча Покровка айылынын Жениш көчөсүнүн тургундарынын кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап
токтом кылат:
1. Покровка айылынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча Покровка айылынын Жениш көчөсүнүн тургундарынын кайрылуусу канаттандырылсын.
2. Покровка айылынын тургуну педагог, “Маданияттын ардагери” төш белгисинин ээси Өмүрбекова Айнагүл Бейшеновнага Покровка айылынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
3. Покровка айыл өкмөтүнүн КЭБнүн башчысына (К.Жунусбаев) Покровка айылынын “Ардактуу атуулу” жазуу лентасы, төш белгиси жана күбөлүгүн даярдоо жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М.Т. Садыков |