Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25-чакырылышынын 5- кезектеги сессиясы
2020-жылдын 25-августу № 13
Покровка айылындагы №5 “Бакыт”бала-бакчасы жөнүндө
Покровка айылындагы №5 “Бакыт” бала-бакчасынын башчысы Ш.Абыкееванын кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап
токтом кылат:
1. Коронавирус (COVID-19) инфекциясы дүйнө жүзүнө жайылып, адамзаттын ден соолугуна залакасын тийгизгенине байланыштуу, Покровка айылындагы №5 “Бакыт” бала-бакчасы 2020-жыл 16-марттан баштап иштөөсү токтотулган, III-кварталдын тамак ашка керектелүүчү 225,0 миң сом акча каражат сарпталбагандыктан 2218 статьясынан, 2221 статьясына 60,0 миң сом бала-бакчаны оңдоо, актап сырдоо иштерине жылдырып берүү жөнүндөгү кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Покровка айылындагы №5 “Бакыт” бала-бакчасынын III-кварталдын тамак ашка керектелүүчү 225,0 миң сом акча каражат сарпталбагандыктан 2218 статьясынан, 2221 статьясына 60,0 миң сом бала-бакчаны оңдоо, актап сырдоо иштерине чыгымдоо үчүн жылдырылсын.
3. КЭБнун башчысы (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М.Т. Садыков |