Редакцияот 25.08.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25-чакырылышынын 5- кезектеги сессиясы

 

2020-жылдын 12-октябры № 15

Х.М.Сулайманова жөнүндө

Покровка айылынын тургуну С.А.Торокулованын небереси 2020-жылы 28-майда төрөлгөн Х.М.Сулайманованын дарыланууга муктаждыгы жөнүндөгү кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап 

токтом кылат:

1. Покровка айылынын тургуну С.А.Торокулованын небереси 2020-жылы 28-майда төрөлгөн Х.М.Сулайманованын дарыланууга муктаждыгы жөнүндөгү кайрылуусу канаттандырылсын.

2. Покровка айылынын тургуну С.А.Торокулованын небереси 2020-жылы 28-майда төрөлгөн Х.М.Сулайманованын абалы оор болгондуктан, чет өлкөгө дарыланууга муктаж болгондугуна байланыштуу жардам катары жергиликтүү бюджеттин эсебинен 50 000 сом бөлүнсүн.

3. КЭБнун башчысы (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б.Жалиловго тапшырылсын.

 

Төрага

М.Т. Садыков