ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25-чакырылышынын 6- кезектеги сессиясы
2020-жылдын 12-октябры № 17
Покровка айылынын К.Жаманкулов көчөсүнүн тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
Покровка айылынын К.Жаманкулов көчөсүнүн тургундарынын К.Жаманкулов жана Кызыл Туу көчөсүнүн кесилишине балдар аянтчасын куруу боюнча кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап
токтом кылат:
1. Покровка айылынын К.Жаманкулов көчөсүнүн тургундарынын К.Жаманкулов жана Кызыл Туу көчөсүнүн кесилишине балдар аянтчасын куруу боюнча кайрылуусу канаттандырылсын.
2. Жер,турак жай, коммунал.маселе жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис (А.Бердикеев) К.Жаманкулов жана Кызыл Туу көчөсүнүн кесилишиндеги бош жаткан жалпы эл колдонуучу жер аянтынан 0,15 га - жер тилкеси балдар аянтчасын куруу үчүн бөлүнүп берилсин.
3. Покровка айылынын К.Жаманкулов жана Кызыл Туу көчөсүнүн кесилишине балдар аянтчасын куруу үчүн 100,0 миң сом бөлүнсүн.
4. КЭБнун башчысы (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М.Т. Садыков |