ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25-чакырылышынын 6- кезектеги сессиясы
2020-жылдын 12-октябры № 18
А.Ш.Сарыбаев жөнүндө
Кыргыз күрөшүн колдоо фондусунун президенти Т.А.Мазиевдин Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Сарыбаев Акпай Шогаибовичге Покровка айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча сунуштамасын айылдык кеңеш талкуулап
токтом кылат:
1. Кыргыз күрөшүн колдоо фондусунун президенти Т.А.Мазиевдин Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Сарыбаев Акпай Шогаибовичге Покровка айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча сунуштамасы канаттандырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо тармагына кошкон зор салымы үчүн Сарыбаев Акпай Шогаибовичге Покровка айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
3. Покровка айыл өкмөтүнүн КЭБнүн башчысына (К.Жунусбаев) “Ардактуу атуулу” жазуу лентасы,төш белгиси жана күбөлүгүн даярдоо жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М.Т. Садыков |