Редакцияот 12.10.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25-чакырылышынын 6- кезексиз сессиясы

 

2020-жылдын 12-октябры № 22

С.О.Шамбеталиева жөнүндө

Покровка айылынын тургуну С.О.Шамбеталиеванын сүрөт, буклет чыгыруу, калкка кызмат кылуу үчүн контейнер орнотууга жер тилкесин ижарага алуу жөнүндөгү кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап

токтом кылат:

1. Покровка айылынын тургуну С.О.Шамбеталиеванын сүрөт, буклет чыгыруу, калкка кызмат кылуу  үчүн контейнер орнотууга жер тилкесин ижарага алуу жөнүндөгү кайрылуусу канааттандырылсын.

2. Покровка айылынын М.Кояшев көчөсүндөгү Покровка орто мектебинин жол жак бетиндеги бош жаткан 18-м.кв.жер аянтына жеңилдетилген типтеги курулма орнотууга беш жылдык убактылуу мөөнөтгө, ижара акысы 5000(беш мин) сом бекитилип берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б.Жалиловго тапшырылсын. 

 

Төрага

М.Т. Садыков