Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25-чакырылышынын 7- кезектеги сессиясы
2020-жылдын 17-декабры № 24
Окуучуларга шарт түзүү жөнүндө
Манас райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы З.Маркашовдун жана Покровка айыл аймагына караштуу Сөгөт айлынын тургундарынын окуучуларга шарт түзүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап
токтом кылат:
1. Покровка айыл аймагына караштуу Сөгөт жана Кара-Арча айылынын аралыгы 3 км түзөт, Сөгөт айылынан Кара-Арча орто мектебине 5-11 класска чейинки 30 окуучу жөө барып келип окушат. Окуучулардын татыктуу билим алуусуна шарт түзүү максатында, Манас райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы З.Маркашовдун жана Покровка айыл аймагына караштуу Сөгөт айлынын тургундарынын кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Окуучулардын татыктуу билим алуусуна шарт түзүү максатында, авто унаа сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 300 000 сом бөлүнсүн.
3. КЭБнун башчысы (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М.Т. Садыков |