Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25-чакырылышынын 7- кезектеги сессиясы
2020-жылдын 17-декабры № 25
Ж.Авазбекова, Т.В.Витчикова, Х.А.Алымбекова жөнүндө
Покровка айылынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча Покровка орто мектебинин жана Покровка ТЭОМ профсоюздар уюмунун кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап
токтом кылат:
1. Покровка орто мектебинин жана Покровка ТЭОМ профсоюздар уюму Покровка орто мектебинин, Покровка ТЭОМ ардагер мугалимдери Авазбекова Жаркынбүбү, Витчикова Тамара Васильевна, Алымбекова Хайрыныса Алымкуловнанын көп жылдык талыкпаган эмгегин баалап Покровка айылынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча кайрылуусу канаттандырылсын.
2. Покровка орто мектебинин жана Покровка ТЭОМ ардагер мугалимдери Авазбекова Жаркынбүбүгө, Витчикова Тамара Васильевнага, Алымбекова Хайрыныса Алымкуловнага Покровка айылынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
3. Покровка айыл өкмөтүнүн КЭБнүн башчысына (К.Жунусбаев) Покровка айылынын “Ардактуу атуулу” жазуу лентасы, төш белгиси жана күбөлүгүн даярдоо жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М.Т. Садыков |