ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25-чакырылышынын 7- кезектеги сессиясы
2020-жылдын 17-декабры № 26
“Мерсико” уюмунун долбоору жөнүндө
Покровка айыл аймагына караштуу Кара-Арча орто мектебинин директору Ж.А.Мураталиеванын “Мерсико” уюмунун долбоору жөнүндө кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап
токтом кылат:
1. Покровка айыл аймагына караштуу Кара-Арча орто мектебинин директору Ж.А.Мураталиеванын “Мерсико” уюмунун долбоору аркылуу мектепке 6 көздүү жалпы суммасы 1 352 467 сомго ажааткана курулган, түзүлгөн келишимдин негизинде Кара-Арча орто мектеби төмөнкү иштерди аткарышы керек:
- Ажаатканага чейинки электр зымдарын тартуу;
- Кол жуучу раковина орнотуу (2даана);
- Ажаатканага чейин тротуар алып баруу.
Мектептин өздүк салымы жок болгондуктан жана ажааткана айыл өкмөтүнүн балансына өтө тургандыгына байланыштуу, курулуш каражаттарын алып берүү жөнүндөгү кайрылуусу канаттандырылсын.
2. Кара-Арча орто мектебинин директору Ж.А.Мураталиеванын кайрылуусунда көрсөтүлгөн курулуш каражаттарына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 56330 сом бөлүнсүн.
3. КЭБнун башчысы (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М.Т. Садыков |