Редакцияот 17.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25-чакырылышынын 7- кезектеги сессиясы

 

2020-жылдын 17-декабры № 29

Күрөш залы жөнүндө

Покровка айылынын М.Кояшев көчөсүнүн батыш жагындагы административдик имаратта жайгашкан күрөш залына спорт эмерегин алуу боюнча Манас районунун спорт инструктору Н.Жумабековдун кайрылуусун талкуулап айылдык кеңеш

токтом кылат:

1. Покровка айылынын М.Кояшев көчөсүнүн батыш жагындагы административдик имаратта жайгашкан күрөш залына спорт эмерегин алуу боюнча Манас районунун спорт инструктору Н.Жумабековдун кайрылуусу канаттандырылсын.

2 Покровка айылынын М.Кояшев көчөсүнүн батыш жагындагы административдик имаратта жайгашкан күрөш залына күрөшүү клеми (татами) алуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 000 сом бөлүнсүн.

3. КЭБнун башчысы (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жалиловго тапшырылсын.

 

Төрага

М.Т. Садыков