ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25-чакырылышынын 7- кезектеги сессиясы
2020-жылдын 17-декабры № 30
Улуттук “Көк бөрү” оюну жөнүндө
Улуттук оюн “Көк бөрү” боюнча айыл өкмөттөр жана райондор арасында шериненин өткөрүлүүсү жөнүндө Манас райондук “Көк бөрү” федерациясынын катчысы Барпыбек уулу Кутбергендин кайрылуусун талкуулап айылдык кеңеш
токтом кылат:
1. Улуттук оюн “Көк бөрү” боюнча айыл өкмөттөр жана райондор арасында шериненин өткөрүлүүсү жөнүндө Манас райондук “Көк бөрү” федерациясынын катчысы Барпыбек уулу Кутбергендин кайрылуусун канаттандырылсын.
2 Улуттук оюн “Көк бөрү” боюнча айыл өкмөттөр жана райондор арасында шериненин өткөрүлүүсү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 50 000 сом бөлүнсүн.
3. КЭБнун башчысы (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М.Т. Садыков |