ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25-чакырылышынын 7- кезектеги сессиясы
2020-жылдын 17-декабры № 33
Сулайманов Токтоназар Темирович жөнүндө
Покровка айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча Покровка айыл аймагынын Ак сакалдар сотунун төрагасы К.Шамбеталиевдин кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап
токтом кылат:
1. Покровка айыл аймагынын Ак сакалдар сотунун төрагасы К.Шамбеталиевдин Покровка айылынын тургуну “2010-жыл 7-апрель революциясынын баатыры”, жеке ишкер Сулайманов Токтоназар Темировичге Покровка айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча кайрылуусу канаттандырылсын.
2. Покровка айылынын тургуну Сулайманов Токтоназар Темировичге Покровка айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
3. Покровка айыл өкмөтүнүн КЭБнүн башчысына (К.Жунусбаев) Покровка айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” жазуу лентасы, төш белгиси жана күбөлүгүн даярдоо жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М.Т. Садыков |