Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25-чакырылышынын 7- кезектеги сессиясы
2020-жылдын 17-декабры № 34
Бала-Саруу айылындагы суу мунарасын куруу жана тургузуу үчүн кошумча каражат бөлүү жөнүндө
Бала-Саруу айылындагы суу мунарасын куруу жана тургузуу, суу түтүктөрүн жаткыруу боюнча ЖЧК “СК Адис”тин директорунун кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап
токтом кылат:
1. Бала-Саруу айылындагы суу мунарасын куруу жана тургузуу, суу түтүктөрүн жаткыруу боюнча ЖЧК “СК Адис”тин директорунун кайрылуусу канаттандырылсын.
2. Бала-Саруу айылындагы суу мунарасын куруу жана тургузуу Долбоорунда көрсөтүлбөгөн суу мунарасынын “растяжка тростору” жана ушул тросторду бекитүүчү бетон куйулмалары, кошумча 3 даана кудук, ашыкча суу чыгуучу түтүкчөлөрдү орнотуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 150 000 сом бөлүнсүн.
3. КЭБнун башчысы (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М.Т. Садыков |