ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25-чакырылышынын 7- кезектеги сессиясы
2020-жылдын 17-декабры № 35
Покровка айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Покровка айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө маселесин айылдык кеңеш талкуулап
токтом кылат:
1. Покровка айылдык кеңештин эки чакырылышынын депутаттары Гулжамал Сакабековага, Марат Жайчыбековго айыл аймагынын жашоочулары арасында кеңири таанымал болгон узак убакыт жемиштүү эмгектери үчүн, Покровка айылынын күрд диаспорасынын кайрылуусунун негизинде Айнаш Джееналиевага, Покровка айыл өкмөтүнүн ардагер кызматкерлери Сайрабубу Шукуралиевага жана Ибраимова Айнурага Покровка айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Покровка айыл өкмөтүнүн КЭБнүн башчысына (К.Жунусбаев) “Ардактуу атуулу” жазуу лентасы,төш белгиси жана күбөлүгүн даярдоо жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М.Т. Садыков |