Редакцияот 17.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25-чакырылышынын 7- кезектеги сессиясы

 

2020-жылдын 17-декабры № 36

Аз камсыз үй-бүлөлөр жөнүндө

Покровка орто мектебинин соц.педагогу Н.У.Абдраимованын Покровка орто мектебинин аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына онлайн билим алуусуна жардам берүү жөнүндөгү кайрылуусун  айылдык кеңеш талкуулап 

токтом кылат:

1. Покровка орто мектебинин соц.педагогу Н.У.Абдраимованын Покровка орто мектебинин аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына онлайн билим алуусуна жардам берүү жөнүндөгү кайрылуусу канаттандырылсын.

2 Аз камсыз үй-бүлөлөр Кенже Орункулованын жана Жазгул Ормонкулованын балдарына онлайн билим алуусуна смартфон телефондорду алып берүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 20 000 сом бөлүнсүн.

3. КЭБнун башчысы (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жалиловго тапшырылсын.

 

Төрага

М.Т. Садыков