Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25-чакырылышынын 7- кезектеги сессиясы
2020-жылдын 17-декабры № 39
Жеке агрономдордун көргөзгөн кызматынын тарифтик баасын бекитүү жөнүндө
Манас райондук мамлекеттик админстациясынын 18.11.2020-жыл №01-27/1401 сандуу катын айылдык кеңеш талкуулап
токтом кылат:
1. Дыйкандардын иштерин жакшыртуу жана зыянкечтерден таза айыл чарба продукцияларын экспорттоо максатында жеке агрономдордун көргөзгөн кызматынын тарифтик баасы төмөндөгүдөй баада бекитилсин.
- 1 гектар жерге 600 сом,
- 1 алма,алмурут, кара өрүк жана башка дарактарга,1 түбүнө -25 сом.
2. Жер,турак жай, коммунал.маселе жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис (А.Бердикеев) Дыйкандардын иштерин жакшыртуу жана зыянкечтерден таза айыл чарба продукцияларын экспорттоо максатында бекитилген жеке агрономдордун көргөзгөн кызматынын тарифтик баасы жөнүндө эл арасында кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М.Т. Садыков |