ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25-чакырылышынын 7- кезектеги сессиясы
2020-жылдын 17-декабры № 41
“Мерсико” уюму тарабынан берилген азык-түлүк жөнүндө
Покровка айыл аймагына караштуу Бала-Саруу орто мектебинин директору А.К.Кожокееванын “Мерсико” уюму тарабынан берилген азык-түлүктү Бишкек шаарынан алып келүү жөнүндөгү кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап
токтом кылат:
1. Бала-Саруу орто мектебинин директору А.К.Кожокееванын “Мерсико” уюму тарабынан Бала-Саруу орто мектебинин 1-4 класстын окуучуларына Бишкек шаарынан азык-түлүк 2020-жылдын 6-15- сентябырында жеке тараптар аркылуу алынып, 7000 сом жол акысы төлөнбөй жаткандыгы жөнүндөгү кайрылуусу канаттандырылсын.
2. “Мерсико” уюму тарабынан Бала-Саруу орто мектебине Бишкек шаарынан алынып келинген азык-түлүктүн жол акысына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 7000 сом бөлүнсүн.
3. КЭБнун башчысы (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М.Т. Садыков |