Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25-чакырылышынын 7- кезектеги сессиясы
2020-жылдын 17-декабры № 43
Ж.Н.Шаршенбеков жөнүндө
Покровка айыл аймагына караштуу Бала-Саруу айылынын тургундарынын Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө кубогу мелдешинин алтын байгесин уткан Ж.Н.Шаршенбековдун жол киресине жардам берүү жөнүндөгү кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап
токтом кылат:
1. Покровка айыл аймагына караштуу Бала-Саруу айылынын тургундарынын Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө кубогу мелдешинин алтын байгесин уткан Бала-Саруу айылынын тургуну Ж.Н.Шаршенбековго жол киресине жардам берүү жөнүндөгү кайрылуусу канаттандырылсын.
2. Дүйнө кубогу мелдешинин алтын байгесин уткан Бала-Саруу айылынын тургуну Ж.Н.Шаршенбековдун жол киресине жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 000 сом бөлүнсүн.
3. КЭБнун башчысы (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М.Т. Садыков |