Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25-чакырылышынын 7- кезектеги сессиясы
2020-жылдын 17-декабры № 45
Мазиев Туратбек Абдыкадырович жөнүндө
Покровка айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча Жайылган айылынын Ак сакалдарынын кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап
токтом кылат:
1. Жайылган айылынын Ак сакалдарынын Кыргыз Республикасынын «Ардактуу аксакалы» орденинин ээси, Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортунун «Ардагери», «Эмгектин Ардагери», Кыргыз Республикасынын кыргыз күрөш федерациясынын «Ардактуу президенти», Талас облусунун «Чыгаан атуулу», Манас, Кара-Буура райондорунун жана Покровка айылынын «Ардактуу атуулу», Жайылган айылынын «Ардактуу жана Чыгаан атуулу» Мазиев Туратбек Абдыкадыр уулу атындагы «Кыргыз күрөшүн колдоо фонду» коомдук фондусунун жетекчиси Мазиев Туратбек Абдыкадыровичге Покровка айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча кайрылуусу канаттандырылсын.
2. Мазиев Туратбек Абдыкадыровичге Покровка айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
3. Покровка айыл өкмөтүнүн КЭБнүн башчысына (К.Жунусбаев) Покровка айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” жазуу лентасы, төш белгиси жана күбөлүгүн даярдоо жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М.Т. Садыков |