Редакцияот 17.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25-чакырылышынын 7- кезектеги сессиясы

 

2020-жылдын 17-декабры № 46

Покровка айыл аймагынын футбол боюнча улуу муундар арасындагы курама командалары жөнүндө

Покровка айыл аймагынын футбол боюнча улуу муундар арасындагы курама командасы Талас облусттук чемпионатга катышуу үчүн форма тиктирүүгө, тамак аш жана жол киресине жардам берүү жөнүндөгү кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап

токтом кылат:

1. Покровка айыл өкмөтүнүн футбол боюнча улуу муундар арасындагы курама командасы Талас облусттук чемпионатга катышуу үчүн форма тиктирүүгө, тамак аш жана жол киресине жардам берүү жөнүндөгү кайрылуусу канаттандырылсын.

2. Покровка айыл өкмөтүнүн футбол боюнча улуу муундар арасындагы курама командаларына Талас облусттук чемпионатга катышуу үчүн форма тиктирүүгө, тамак аш жана жол киресине жергиликтүү бюджеттин эсебинен 55 000 сом бөлүнсүн.

3. КЭБнун башчысы (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жалиловго тапшырылсын.

 

Төрага

М.Т. Садыков