Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25-чакырылышынын 7- кезектеги сессиясы
2020-жылдын 17-декабры № 47
Покровка айылына жаңы спорт зал куруу жөнүндө
Покровка айылынын А.Көчкүнбаев, А.Садыков, Омор ата, Ак-жар көчөлөрүнүн тургундарынын жаңы спорт зал куруу жөнүндөгү кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап
токтом кылат:
1. Покровка айылынын А.Көчкүнбаев, А.Садыков, Омор ата, Ак-жар көчөлөрүнүн тургундарынын жаңы спорт зал куруу жөнүндөгү кайрылуусу канаттандырылсын.
2. Покровка айылынын А.Көчкүнбаев жана М.Кояшев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан жаштардын демилгесинин негизинде ашар жолу менен курулуп жаткан спорт залга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 млн 500 миң сом бөлүнсүн.
3. КЭБнун башчысы (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М.Т. Садыков |