Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25-чакырылышынын 7- кезектеги сессиясы
2020-жылдын 17-декабры № 49
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишимди айылдык кеңеш талкуулап
токтом кылат:
1. КР Улуттук статистика комитетинин Манас райондук статистика бөлүмүнүн атынан мындан ары “мамлекеттик статистика органы” деп аталуучу Манас райондук статистика бөлүмү жөнүндө” жобонун негизинде иштеген М.К.Ниязалиев биринчи тараптан жана Покровка айыл өкмөтүнүн атынан Покровка айыл өкмөтү жөнүндө жобонун негизинде иштеген А.Б.Жалилов экинчи тараптан КР Конституциясы, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” КР мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен ушул келишим бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М.Т. Садыков |