Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы аыйл аймагынын айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2021-жылдын 16-июлу № 14
Суу-Башы айыл аймагындагы ижарада турган айыл чарба жерлеринин отчёттору жана МТФнын жеринин категориясын аныктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине ылайык Суу-Башы айыл аймагындагы ижарада турган айыл чарба жерлеринин баардык багыттары боюнча отчёттору жана МТФнын жеринин категориясын аныктоо максатында Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы токтом кылат:
1. Суу-Башы айыл аймагындагы ижарада турган айыл чарба жерлеринин баардык багыттары боюнча отчёттору жер адисисинен суралсын жана МТФнын жеринин категориясын аныктоо иши өз компетенциясынын чегинде ыйгарым укуктуу органдардан суралып аныкталсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Маркаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Бөрүев |