СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы аыйл аймагынын айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2021-жылдын 16-июлу № 16
Суу-Башы айыл аймагындагы таза сууну мамлекеттик бюджетке өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Суу-Башы айыл аймагындагы ичүүчү таза сууну мамлекеттик бюджетке өткөрүү максатында Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы токтом кылат:
1. Суу-Башы айыл аймагындагы ичүүчү таза сууну Ж.Пазылованын макулдугу менен мамлекеттик бюджетке өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү болгон документтерди даярдоо жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Бөрүев |