Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы аыйл аймагынын айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2021-жылдын 26-июну № 8
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулардын 2021-жылга карата акы төлөө өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Сессиянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы №30 мыйзамынын 10-беренесине ылайык Суу-Башы айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Г.Караматовдун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулардын 2021-жылга карата акы төлөө өлчөмдөрү боюнча маалыматын угуп жана жалпы депутаттардын талкуусуна алынып Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы токтом кылат:
1. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата жайыт пайдалануу үчүн акы төлөө өлчөмдөрү төмөнкүдөй болуп бекитилсин.
- Бир баш ийри мүйүздүү малга – 120 сом
- Бир баш музоого – 75 сом
- Бир баш кой-эчкилерге – 24 сом
- Бир баш козу-улактарга – 14 сом
- Бир баш жылкыларга – 150 сом
2. Башка айыл өкмөтүнөн келген бир баш мал үчүн мыйзам негизинде 10 күндөн ашкандан кийин 2 эсе көп толугу менен төлөнсүн. Жайытка көчүп чыккан үй-бүлөлөргө бир куб куруган отунду пайдалангандыгы үчүн түтүн акчасы 500 сом, жайыт акысы өз убагында төлөнбөсө токтом негизинде ийри мүйүздүү малдын ар бир башына 100 сомдон, ал эми майда малдын ар бир башына 20 сомдон айып пул салынсын. Жайыт пайдалануучулар Бирикмесине 2021-жылга карата жайыт пайдалануу үчүн төлөнүүчү акыны өз убагында жыйнап аны максатту жана мыйзам чегинде пайдалануу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жайыт боюнча атайын түзүлгөн туруктуу комиссияларга жүктөлсүн.
Төрага | А. Бөрүев |