СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы аыйл аймагынын айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы
2020-жылдын 3-ноябры № 54
2016-жылдын 12-майындагы №21 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Суу-Башы айылдык Кенешинин 2016-жылдын 12-майындагы V чакырылышынын кезексиз XXXVIII сессиясынын №21 токтомуна өзгөртүү толуктоо киргизүү жөнүндө Суу-Башы айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-октябрындагы кайрылуусунун негизинде Суу-Башы айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Айгул-Таш айылынын аймагынан айыл өкмөтүнүн тургундарына турак-жайга 171га жер участогун болуп берүүгө макулдук берүү бөлүгү 151,1 га болуп окулсун.
2. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Айгул-Таш айылынындагы мамлекеттик менчиктеги №2481, 2470, 2476, 2477, 2474, 2472, 2467,2467/, 2468, 2465, 2458, 2457, 2471, 2479, контурларындагы 50,4га жайыт, №2436, 2466, 2470, 2480, 2484, 2479, 2478 контурларындагы 100,7 га кайрак кысыр аныз, жалпы 151,1га жер аянты “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
3. Ушул токтом боюнча тиешелүү иш кагаздарды даярдоо жана аткаруу жагы Суу- Башы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы жер турак жай маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Р. Артыкбаев |