Редакцияот 22.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы аыйл аймагынын айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXVII сессиясы

 

2020-жылдын 22-декабры № 58

Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Боз-Адыр айылына курулуучу жабык түрүндөгү спортзал үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Суу-Башы айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXVII сессиясы Боз-Адыр айылына курулуучу жабык түрүндөгү спортзал куруу үчүн акча каражатын бөлүп берүү максатында

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Боз-Адыр айылына түрткү берүүчү гранттын эсебинен курулуучу жабык түрүндөгү спортзалга айыл өкмөтүнүн 2020-жыл үчүн бюджетинен 3 339 131 (үч миллион үч жүз отуз тогуз миң бир жүз отуз бир) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары бөлүнүп берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Козуевге   милдеттендирилсин.

 

Төрага

Р. Артыкбаев