Редакцияот 22.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы аыйл аймагынын айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXVII сессиясы

 

2020-жылдын 22-декабры № 59

Суу-Башы айыл өкмөтүнүн жеке менчик турак-жайды бөлүп берүү үчүн турак-жай бөлүштүрүүчү комиссиясынын кабыл алган критерийлерин жана турак жайга ээ боло турган тургундардын тизмесин бекитүү жөнүндө

Суу-Башы айыл аймагынын турак-жай бөлүштүрүү жөнүндөгү комиссиясынын төрагасы К.Дыйкановдун сунушун угуп жана талкуулап Суу-Башы айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXVII  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Комиссиянын курамы тарабынан сунуш кылынган жогорудагы критерийлери жана турак-жайга ээ болуучу 672 (алты жүз жетимиш эки) жарандын тизмеси жактырылсын.(тизме тиркелет).

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Козуевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

Р. Артыкбаев