Редакцияот 13.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы аыйл аймагынын айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXVIII сессиясы

 

2021-жылдын 13-январы № 61

Суу-Башы айыл аймагынын чегинен балык чарбачылыгы үчүн ижарага жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө

Суу-Башы айыл аймагынын Кара-Токой айылынын тургуну Тилеков Мураталинин арызын угуп жана талкуулап Суу-Башы айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Суу-Башы айыл аймагына караштуу Кара-Токой айылындагы дарыянын жээгинен Тилеков Мураталиге балык чарбасы үчүн ижарага 0,50 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Тиешелүү болгон документтерди жасап берүү жагы Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.

 

Төрага

Р. Артыкбаев