СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы аыйл аймагынын айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXVIII сессиясы
2021-жылдын 13-январы № 62
Суу-Башы айыл аймагынын чегинен балык чарбачылыгы үчүн ижарага жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Суу-Башы айыл аймагынын Кара-Токой айылынын тургуну Исакова Мария Махаматжановнанын арызын угуп жана талкуулап Суу-Башы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Суу-Башы айыл аймагына караштуу Кара-Токой айылындагы дарыянын жээгинен Исакова Мария Махаматжановнага балык чарбасы үчүн ижарага 0,50 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү болгон документтерди жасап берүү жагы Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
Төрага | Р. Артыкбаев |