Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы аыйл аймагынын айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXIX сессиясы
2021-жылдын 18-январы № 67
Суу-Башы айыл өкмөтүндө таштандыларды ташып чыгаруу боюнча жыйымдын нормасын белгилөө жөнүндө
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагында таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын нормасын белгилөө боюнча Суу-Башы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагында таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын өлчөмү бир түтүнгө 30 сомдон кабыл алынсын.
2. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн салыктарды администрациялоо Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине нормативдик актылардын мамлекеттик тизмесине каттоо үчүн жиберет.
3. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн салыктарды өз убагында жыйноону уюштуруу, пландарды аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык Кеңештин алдындагы бюджет жана экономика маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Артыкбаев |