Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы аыйл аймагынын айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXXII сессиясы
2021-жылдын 4-майы № 76
Суу-Башы айыл аймагынын Боз-Адыр айылындагы КБФнун 1 га айдоо жеринин категориясын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин (1999-жылдын 2-июну №45), 11-беренесине ылайык Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Боз-Адыр айылындагы Кайра Бөлүштүрүү Фондунун(КБФ) жеринен 1 га айдоо жерин бак кылуу максатында пайдалануу үчүн категориясын өзгөртүү жөнүндө Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат
1. Суу-Башы айыл аймагына караштуу Боз-Адыр айылындагы КБФнун 1 га айдоо жерин бак кылуу максатында пайдалануу үчүн категориясын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Суу-Башы айыл аймагына караштуу Боз-Адыр айылындагы КБФнун жеринен 1 га айдоо жеринин бак кылуу категориясын инвентаризациялоо жагы Баткен райондук ГИРЕЗем ишканасынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткрылышы айыл өкмөтүнүн жер адисине жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык Кеңешинин төрагасына калтырылсын.
Төрага | Р. Артыкбаев |