Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы аыйл аймагынын айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXXI сессиясы
2021-жылдын 1-апрели № 75
Суу-Башы айыл аймагынын чегинен өздөштүрүү үчүн ижарага жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин (1999-жылдын 2-июну №45), 3-7-13-беренелерине ылайык Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Боз-Адыр айылынын Кайра Бөлүштүрүү Фондунун жеринен “Нукура Өрүк” айыл чарба коммерциялык кооперативи үчүн 1 га жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө элдик жыйындын протоколунун №1 чечимин угуп жана талкуулап Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат
1. Суу-Башы айыл аймагына караштуу Боз-Адыр айылынын Кайра Бөлүштүрүү Фондунун жеринен “Нукура Өрүк” айыл чарба коммерциялык кооперативи үчүн 1 га жер аянтын ижарага бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү болгон документтерди жасап берүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Баткен филиалынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Козуевке милдеттендирилсин.
Төрага | Р. Артыкбаев |