КЫРГЫЗ РЕСПУБЛАКСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 10-апрели № 77
2014-жылдын 1-июнунда Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы кош салык салуудан качуу жана киреше салыгын төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2014-жылдын 1-июнунда Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы кош салык салуудан качуу жана киреше салыгын төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө катар тарабына билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш.Атамбаев |