Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛАКСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 2-апрели № 68
2014-жылдын 26-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы каржылоо жөнүндө Макулдашууну (Атайын операциялар) ("Транспорттук коридор - бир БАРЭК" (Бишкек - Торугарт жолу) үчүнчү долбоору - Кошумча каржылоо) ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2014-жылдын 26-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашуу (Атайын операциялар) ("Транспорттук коридор - бир БАРЭК" (Бишкек - Торугарт жолу) үчүнчү долбоору - Кошумча каржылоо) ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Азия өнүктүрүү банкына билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш.Атамбаев |