Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 2-апрели № 67
2014-жылдын 8-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабиясы Королдугунун ортосундагы Кызматташтык жөнүндө башкы макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2014-жылдын 8-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабиясы Королдугунун ортосундагы Кызматташтык жөнүндө башкы макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги сауд тарапка Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн Башкы макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш.Атамбаев |