Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 8-апрели № 73
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 3, 211-бер.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
9-беренеде:
берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-1-пункт менен толукталсын:
"7-1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, эгерде укук бузууларды же кылмыштарды жасады деп шектенүүгө жетиштүү далилдер болсо, жарандардын жеке өздөрүн, алардын буюмдарын кол жүктөрүн, багажын, автомототранспорт каражаттарын текшерүүнү, протоколдорду түзүүнү, буюмдарды, каражаттарды, заттарын жана документтерин алып коюуну жүзөгө ашырууга;";
берене төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
"21) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилеген тартипте баңги заттарды контролдоо боюнча органдын расмий өкүлдөрүн чет мамлекеттерге жана эл аралык уюмдарга жиберүүгө.";
берене төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү. Ушул берененин 7-1-пунктунда көрсөтүлгөн жетиштүү негиздер деп изин суутпай издөө иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте изин суутпай издөө иш-чараларын жүзөгө ашырууда жарандан, анын буюмдарынан же болбосо автомототранспорт каражатынан табылган баңги каражаттары, психотроптук заттар, жана/же мыйзамсыз жүгүртүүгө тыюу салынган башка буюмдар, заттар же каражаттар (уруксат берүүчү документтери жок болгон учурда) жөнүндө баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине белгилүү болгон маалыматтардын бар экендиги түшүнүлөт.".
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 116-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
12-беренеде:
1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы жана жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлеринен;
Түзөтүү мекемелерин жана соттолгондор менен камакка алынган адамдарды кайтаруу жана айдап узатуу боюнча департаменттин аскер кызматкерлерин копшогондо, жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлеринен;";
5-бөлүк "ички иштер" деген сөздөрдөн кийин ", баңги заттарды контролдоо, жазык-аткаруу тутумунун" деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене.
"Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 8, 396-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 15-1-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"баңги заттарды контролдоо боюнча кызматтын катардагы кызматкери (курсанты);".
2. Ушул Мыйзамдын тиркемесинин "Кенже аскердик наамдар, класстык чендер, атайын класстык чендер жана атайын наамдар" бөлүмүнүн 1-пунктунун "Баңги заттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерине ыйгарылуучу атайын наамдар" графасы "баңги заттарды контролдоо кызматынын катардагы кызматкери (курсанты)" деген сөздөр менен толукталсын.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 8-апрели № 73
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 162 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
(КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 162 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)