Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 8-апрели № 74
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
(КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10, 2018-жылдын 6-августундагы № 87, 2022-жылдын 18-январындагы № 4, 2022 –жылдын 30-июну № 50
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
(КР 2022-жылдын 30-июнундагы № 50 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
(КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
922-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Алдын-ала макулдашылган утуштар менен алдыдагы окуялар (ар кандай спорттук, саясий, маданий, финансылык, аба ырайынын жана башка) болоорун же болбостугун камсыздандырууга жол берилбейт.".
5-берене.
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 990-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
15-берененин 29-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
6-берене.
(КР 2018-жылдын 6-августундагы № 87 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7-берене.
"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
16-беренеде:
6-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
7-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- оюн-зоок тобокелчилигине жана алардын уюштуруучуларынын, катышуучуларынын жана ортомчуларынын, анын ичинде букмекердик конторалар жана тотализаторлор сыяктуу оюн-зоок жайларынын өз ара мелдешине негизделген жарнакты (оюн-зоок бизнесинин жарнагы) таратууга.".
8-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш.Атамбаев |