Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛАКСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 10-апрели № 78
2015-жылдын 4-февралында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын, Чыгыш Европада жана Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан-өлкөлөрдө статистикалык дараметти өнүктүрүүнү колдоо боюнча программанын алкагында ар кыл донор уюмдар тарабынан берилүүчү Мультидонордук трасттык фонддун (№ TF 017862 грант) гранттык каражаттардын администратору катары чыгуучу Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Статистиканы өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча долбоор) ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2015-жылдын 4-февралында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын, Чыгыш Европада жана Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан-өлкөлөрдө статистикалык дараметти өнүктүрүүнү колдоо боюнча программанын алкагында ар кыл донор уюмдар тарабынан берилүүчү Мультидонордук трасттык фонддун (№ TF 017862 грант) гранттык каражаттардын администратору катары чыгуучу Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы гранттык макулдашуу (Статистиканы өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча долбоор) ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына ушул Гранттык макулдашуунун ратификацияланганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш.Атамбаев |