Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2015-жылдын 14-апрели № 80

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 288-статьяда:

1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"жарандарга - бештен он бешке чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, кызмат адамдарына - элүүдөн жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүздөн үч жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";

2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"жарандарга - ондон жыйырмага чейин эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, кызмат адамдарына - жүздөн жүз элүүгө чейин эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга - үч жүздөн беш жүзгө чейин эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

2. 289-статьяда:

1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"жарандарга - бештен онго чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, кызмат адамдарына - элүүдөн жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүздөн үч жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";

2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"жарандарга - ондон он бешке чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, кызмат адамдарына - жүздөн жүз элүүгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга - үч жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

3. 290-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"кызмат адамдарына - элүүдөн жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүздөн үч жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

4. 290-1-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"кызмат адамдарына - элүүдөн жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүздөн үч жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

          Президенти

 

А.Ш.Атамбаев