Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛАКСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 15-апрели № 81
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 992-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 153-берене төмөнкүдөй мазмундагы 39-43-пункттар менен толукталсын:
"39) "Аффинаждалган стандарттык куймалар" - кымбат баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы тарабынан кабыл алынган Сапаттын эл аралык стандарттарына ылайык келген алтындан жана/же күмүштөн даярдалган жана маркировкаланган куймалар.
40) "Аффинаждалган өлчөнгөн куймалар'' - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эмиссиялаган (чыгарган) же кымбат баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы тарабынан сертификацияланган аффинаж ишканасында салмагы 1000 грамм жана андан аз, алтын үчүн куйманын лигатурдук массасынын 99,95 - 99,99 пайыздан кем эмес химиялык таза негизги металл камтылган жана күмүш үчүн куйманын лигатурдук массасынын 99,90 пайызынан кем эмес болгон алтындан жана/же күмүштөн даярдалган жана маркировкаланган куймалар.
41) "Алтындан жана/же күмүштөн инвестициялык монеталар" - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмиссияланган (чыгарылган) жана калктын акчалай салымдарын инвестициялоо жана жеке фондун түзүү үчүн арналган алтын жана/же күмүш монеталар.
42) "Нумизматикалык (коллекциялык) монеталар" - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан маданий-агартуу максаттары үчүн арналып чектелген санда чыгарылуучу жана белгилүү бир тематикага ээ болгон монеталар.
43) "Маркировкаланган куймалар" - алардын касиеттерин, мүнөздөмөлөрүн жана идентификациялык маалыматтарын көрсөтүү менен аларды андан ары идентификациялоо максатында шарттуу белгилер, тамгалар, сандар, графикалык белгилер же жазуулар киргизилген куймалар.".
2. 243-беренеде:
2-бөлүгүнүн 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) нумизматикалык монеталарды жана коллекциялык нускаларды кошпогондо, мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналган валюта, банкноттор жана акча каражаттары менен, ошондой эле алтындан жана/же күмүштөн аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймалар, инвестициялык монеталар менен операциялар;";
берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Банктар тарабынан алтындан жана/же күмүштөн аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймалардын, инвестициялык монеталардын беримдери КНСтен бошотулган беримдер болуп саналат.".
3. 256-берененин мамлекеттик тилдеги текстинде "куймасынын" деген сөз "эритиндисинин" деген сөзгө алмаштырылсын.
4. 261-берененин мамлекеттик тилдеги текстинде "куймасын" деген сөз "эритиндисин" деген сөзгө алмаштырылсын.
5. 315-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Банктар тарабынан алтындан жана/же күмүштөн аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймаларды, инвестициялык монеталарды сатуу сатуудан алынуучу салыктан бошотулат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш.Атамбаев |